Андрей Слепнев БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди менен Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселелерин талкуулады
29.05.2026

Астанада өткөн V Евразия экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейудинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Тараптар Евразия экономикалык бирлиги менен БАЭнин ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички жол-жоболорду аяктоого жогорку даярдыкты белгилешти.

"Урматтуу министр мырза менен Макулдашууну мүмкүн болушунча тез арада практикалык ишке ашырууга киришүү зарылчылыгы боюнча бир пикирге келдик. Ушуга байланыштуу тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, бизнес-миссияларды уюштуруу жана биздин өз ара соодабыздын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү башка маселелер боюнча макулдашууларга жетишилди", – деп белгиледи Андрей Слепнев.