Андрей Слепнев БАЭнин тышкы соода мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зайуди менен экономикалык өнөктөштүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташын талкуулады
20.08.2024

20-августта видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зайуди менен жолугушуусу болуп өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлиги менен БАЭ ортосунда экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелери талкууланды, аларды чечүү сүйлөшүү процессинин тез арада субстантивдик аякташына өбөлгө түзөт", – деп белгиледи Андрей Слепнев.

БАЭ менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан 2022-жылдын декабрында кабыл алынган. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн үч раунду болду.