9-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдин Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Ле Мань Хунг менен жолугушуусу болуп өтүп, анда Евразия экономикалык бирлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Вьетнамдык мейман Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Башкы катчысы, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Президенти То Ламдын Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Москвага келген.
Тараптар Макулдашууда камтылган потенциалды максималдуу ачууга, өз ара сооданы көбөйтүүгө жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган мындан аркы кадамдарга негизги көңүлдү бурушту.
Атап айтканда, министрлер эт жана балык өнөр жай ишканаларынын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн бири-биринин рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Вьетнамдын аймагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн долбоорлорун ишке ашыруу, тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу жана триггердик механизмдин иштеши маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, дүйнөлүк экономикалык кырдаалдын туруксуздугунан улам товарларды өндүрүүнүн жана эл аралык сооданын трансформациясына байланыштуу маселелер, ошондой эле товарлардын келип чыгышын электрондук сертификациялоо боюнча протоколго кол коюу перспективалары козголду.
Андрей Слепнев менен Ле Мань Хунг бул темалардын бир катарын ЕАЭБ аймагында өткөрүлө турган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комитеттин кезектеги отурумунда кеңири карап чыгууга болот деген пикирге келишти. Иш-чараны өткөрүүнүн так орду жана убактысы кийинчерээк аныкталат.
«Биз Вьетнам менен кызматташууга чоң маани беребиз, эске сала кетсем, биздин Бирлик эркин соода жөнүндөгү өзүнүн биринчи келишимин дал ушул өлкө менен түзгөн. Биз Вьетнамды ар дайым Түштүк-Чыгыш Азиянын зор жана тез өнүгүп жаткан аймагына дарбаза катары карайбыз. Вьетнам Компартиясынын БКсынын Башкы катчысы, Вьетнамдын Президенти То Ламдын Россиянын Президенти Владимир Владимирович Путин жана башка расмий адамдар менен жолугушуусунун алкагында жетишилген макулдашуулар биздин өз ара аракеттенишүүбүзгө олуттуу түрткү берет деп ишенебиз», – деп белгиледи Андрей Слепнев.
Биргелешкен комитет ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга байланышкан актуалдуу маселелерди кароону жүзөгө ашырат. 2026-жылы бир тараптан ЕАЭБ жана анын мүчө мамлекеттеринин, ал эми экинчи тараптан Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуунун күчүнө киргенине 10 жыл толот.