Андрей Слепнев Ирандын өкүлдөрү менен өз ара сооданы өнүктүрүү маселелерин талкуулады
02.10.2026

Минск шаарында өтүп жаткан «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Иран Ислам Республикасынын Сооданы өнүктүрүү уюмунун жетекчиси Мохаммад Дехнави менен жолугушуу өткөрдү.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлиги менен Ирандын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле октябрь айынын ортосунда Тегеран шаарында өткөрүлүшү пландаштырылган Биргелешкен комитеттин экинчи жыйынына даярдык көрүү талкууланды.

Өзгөчө көңүл товарлардын бири-биринин рынокторуна чыгуу көйгөйлөрүнө, анын ичинде соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуга бурулду. Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ менен Ирандын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө, анын ичинде туруктуу иштеген бизнес-диалогду түзүү аркылуу, өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

ЕАЭБ – Иран биргелешкен комитетинин экинчи жыйынынын алкагында Эркин соода жөнүндө макулдашууну, ошондой эле орто мөөнөттүү келечекке соода-экономикалык кызматташтык боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун учурдагы маселелери талкууланат.