Андрей Слепнев: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча ык-амалдарды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү планды карашат"
15.07.2025

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна августтун ортосунда 2024-жылы өкмөт башчылары тарабынан жактырылган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча ык-амалдарды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча беш жылдык план сунушталат.

"Атап айтканда, көмүртекти жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттер аралык стандарттарды, ошондой эле валидация жана верификация боюнча тиешелүү органдарды аккредитациялоого карата макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу сунушталат", – деп айтып берди Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ошондой эле, ЕЭК министринин сөзү боюнча, кеп Бирликтин алкагында анын мүчө мамлекеттеринин климаттык жөнгө салуусунан келип чыккан тоскоолдуктарды болтурбоо боюнча чараларды кабыл алуу жана соода менен байланышкан климаттык чаралар боюнча өнөктөш-үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү жөнүндө болмокчу.

Сунушталган иш-чаралар өкмөт башчылары тарабынан жактырылгандан кийин, ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизилет.