Жаңылыктар

28.09.2022 (Обновлено: 06.10.2022 13:19)

Андрей Слепнев россиялык бизнести ирандык жана египеттик рынокторго жигердүү чыгууга чакырды

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин интеграция, соода-бажы саясаты жана ДСУ боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынына катышты. Иш-чара РӨИБ (РСПП) башкаруу бюросунун мүчөсү Алексей Мордашовдун төрагалыгы алдында өттү.

Күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинде тарифтик саясатты өнүктүрүүнүн келечеги, үчүнчү өлкөлөр менен жаңы соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногун коргоого карата мамилелер жөнүндө маселелер каралды.

"Иран жана Египет менен эркин соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бүгүнкү күндө олуттуу алдыга жылган. Ишкердик коомчулукту ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана бул аймактын рынокторуна мүмкүн болушунча жигердүү кирүүгө чакырабыз", – деп Андрей Слепнев жолугушуунун катышуучуларына кайрылды.