Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
16.09.2025

Нью-Делиде (Индия) болуп өткөн жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Индия Республикасынын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял Евразия экономикалык бирлиги менен Индиянын ортосунда тездетилген форматта эркин соода жөнүндө натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүгө багытталган жол картасы макулдашылып жаткандыгын белгилешти.


Тараптар ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ушул жылдын ноябрынын башында Индияда өтө турган жана келечектеги бүтүмдүн негизги маселелерин кароого арналган мамилени макулдашышты. Ошону менен бирге анын алдында Комиссиянын индиялык өнөктөштөр жана ЕАЭБ мамлекеттери менен консультациялары жигердүү өткөрүлөт.

Министрлер сүйлөшүүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн үзгүлтүксүз байланышты уюштурушту.