Андрей Слепнев Россиянын Мамлекеттик думасынын Төрагасынын орун басары Алексей Гордеев менен жолугушту
14.10.2025
14-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын Төрагасынын орун басары Алексей Гордеев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Евразия экономикалык комиссиясы үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашуулар тармагын өнүктүрүү боюнча, анын ичинде 2025-жылдын жайында кол коюлган Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык Өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун жана Монголия менен Убактылуу соода келишиминин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон учурдагы ратификациялык жол-жоболордун контекстинде жүргүзүп жаткан иштерди талкуулашты.

"Комиссия Россиянын мыйзам чыгаруу бийлиги менен өз ара иштешүүнүн салттуу жогорку деңгээлин өзгөчө баалайт, ал Евразия экономикалык бирлигинин тышкы өнөктөштөр менен көп вектордуу экономикалык кызматташтыгын бекемдөө үчүн маанилүү фактор болуп саналат", – деп белгиледи ЕЭК министри.