Жаңылыктар

21.11.2022 (Обновлено: 29.11.2022 16:49)

Андрей Захаров ЕАЭБ Сотунун конференциясында: "Бирлик жөнүндө келишимде өндүрүүчүлөрдүн атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу аркылуу коргоого укугу түздөн-түз каралат"

Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаментинин директору Андрей Захаров Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун "ЕАЭБде сот адилеттигине жетишүүнүн натыйжалуулугун камсыздоо" эл аралык конференциясынын сессиясына катышты.

"Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар – бул өндүрүүчүлөрдү жогорулаган импорттон, демпингдик импорттон же субсидиялануучу импорттон коргоо максатында дүйнөдө кеңири колдонулган эл аралык сооданы жөнгө салуунун инструменттери. Бирлик жөнүндө келишимде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн мындай чараларды колдонуу аркылуу коргоого укугу түздөн-түз каралат", - деп эскертти ал.

Анын чыгып сүйлөгөн сөзү ички рынокту коргоо чараларын колдонуу чөйрөсүндө ЕАЭБ укугун өркүндөтүүнүн актуалдуу багыттарына арналды.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "II Чоң" деп аталган протоколго кирген демпингге каршы алымдарды "жутуп алуу" предметине карата чараларды кайра карап чыгуу жөнүндө оңдоолор белгиленген.

"Оңдоолор тез арада күчүнө киргенден кийин, эгерде чара киргизилгенден кийин Бирликтин рыногунда баа өзгөрбөгөнү аныкталса, анда өндүрүүчүлөргө алымдын өлчөмүн кайра эсептөөгө арыз берүү үчүн көпкө күтүүгө туура келбейт", – деп баса белгиледи ЕЭК департаментинин директору.

Андрей Захаров угуучуларга өзгөрүүлөрдүн жаңы топтому даярдалып жаткандыгын, жана анда атап айтканда, мүчө мамлекеттердин иликтөөлөргө терең катышуусу, керектөөчүлөрдүн кооптонууларын жоюу үчүн жаңы куралдар, "регионалдык тармак" деп аталган жоболорду өркүндөтүү, ошондой эле Комиссиянын Коллегиясынын коргоо чаралары боюнча "терс чечими" жөнүндө ченемдер каралаарын айтты.

Конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып, Андрей Захаров иликтөөлөрдү жүргүзгөн органдын баяндамаларында ДСУнун макулдашууларынын жоболоруна гана эмес, укук колдонуу практикасына да шилтемелер колдонулгандыгын, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча тыянактарды негиздөөдө бул маанилүү экенин белгиледи. Департаменттин директору тергөөнүн квази-соттук жол-жобонун алкагында кызыкдар жактардын укуктарына көңүл бурду: эгерде кызыкдар жактар катаны же укук туура эмес колдонулушун байкаса, чечим алардын комментарийлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынышы үчүн, иликтөө учурунда өздөрүнүн процесстик мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алышат.