Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 25-майдагы отурумунда Азербайжандан жана Кытайдан алынып келинген алюминий тасмасына карата демпингге каршы алымдын мөөнөтүн 2031-жылдын 24-майын кошо алганга чейин узартты.
"Чечим Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2025-жылдын 30-июнунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн товарды өндүрүүчүлөрдүн арызынын негизинде, колдонуудагы чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башталган демпингге каршы кайра иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Арыз "Алюминий өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бирикмеси" ассоциациясы тарабынан берилген.
Азербайжандан жана КЭРден алюминий тасмасына карата демпингге каршы алым ЕЭК Коллегиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 115 чечимине ылайык белгиленген. Чендин өлчөмү Азербайжанда өндүрүлүүчү алюминий тасмасына карата бажы наркынын 16,18%ын жана КЭРде өндүрүлүүчү чыккан алюминий тасмасына карата бажы наркынын 13,14%ын түзөт. Чаранын аракети кайта иликтөө жүргүзүү мезгилине узартылган.