Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Азербайжан Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан алюминий тасмасына карата демпингге каршы алымды 2026-жылдын 29-июнуна чейин узартты.
Колдонуудагы чаранын мөөнөтү 2025-жылдын 23-октябрында бүтүшү керек болчу. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2025-жылдын 30-июнунда демпингге каршы кайра иликтөө башталган.
"ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталышы керек", – деп эскертишти ЕЭКтин соода блогунда.
Азербайжандан жана КЭРден алюминий тасмасына карата демпингге каршы алым Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 115 чечимине ылайык белгиленген. Алымдын өлчөмү Азербайжанда өндүрүлүүчү алюминий тасмасына карата бажы наркынын 16,18%ын жана КЭРде өндүрүлүүчү чыккан алюминий тасмасына карата бажы наркынын 13,14%ын түзөт.