Украинадан алып келинген тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алым кайта иликтөө мезгилине узартылды
07.07.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Украинадан ташылып келинген датка туруктуу (дат баспас) болоттон жасалган тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алымды 2027-жылдын 29-апрелине чейин (аны кошкондо) узартты.

Колдонуудагы чаранын мөөнөтү 2026-жылдын 6-сентябрында бүтүшү керек болчу. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2026-жылдын 30-апрелинде демпингге каршы кайра иликтөө башталган.

"ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталышы керек", — деп эскертишти ЕЭКтин соода блогунда.

Украинадан ташылып келинген датка туруктуу (дат баспас) болоттон жасалган тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алым түрүндөгү демпингге каршы чара Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 6 Чечимине ылайык колдонулат. Алымдын өлчөмү өндүрүш компаниясына жараша бажы наркынын 4,32-18,96%ын түзөт.