КЭРде өндүрүлгөн жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алым кайта иликтөө мезгилине узартылды
24.03.2026

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алымдын мөөнөтүн 2026-жылдын 13-ноябрына чейин кошо алганда узартты.


Колдонуудагы чаранын мөөнөтү 2026-жылдын 29-июнунда бүтүшү керек болчу. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2025-жылдын 14-ноябрында демпингге каршы кайра иликтөө башталган.

"ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталышы керек", – деп эскертишти ЕЭКтин соода блогунда. 

Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы чара демпингге каршы алым түрүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 154 Чечимине ылайык колдонулат. Алымдын өлчөмү өндүрүш компаниясына жараша бажы наркынын 14,79%-35,35% түзөт.