Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы КЭРден алынып келинүүчү айлантуу подшипниктерине карата (ийнелүүлөрдү кошпогондо) демпингге каршы алымды 2024-жылдын 20-апрелине чейин кошо алганда узартты.
Колдонулуучу чаранын аракетинин мөөнөтү 2023-жылдын 20-августунда аякташы керек. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2023-жылдын 21-апрелинде демпингге каршы кайра иликтөө башталган.
"ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталууга тийиш", - деп белгилешти ЕЭКтин соода блогунда.
Маалымат
КЭРден алынып келинүүчү айлантуу подшипниктерине карата (ийнелүүлөрдү кошпогондо) демпингге каршы алым 2011-жылы белгиленген, андан кийин анын аракети бир нече жолу узартылган. Демпингге каршы алымдын өлчөмү азыркы учурда "Уси айлантуу подшипниктери" ЖЧКсы үчүн бажы наркынын 31,3%ын жана башка өндүрүүчүлөр үчүн 41,5%ын түзөт.