Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн дат баспас болоттон жасалган ширелген түтүктөргө, түтүкчөлөргө жана көңдөй профилдерге карата учурдагы демпингге каршы алымды 2031-жылдын 7-сентябрына чейин кошо алганда узартты.
Арыз «Глобус-Сталь» ЖЧК, «Марчегалия РУ» ЖЧК, «Русинокс» ЖЧК, «Синарский трубный завод» АК тарабынан берилип, «Могилев-Сталь» ЖЧК, «VarTechAuto» ЖЧК, «Балтинокс» ЖЧК, «ПК АПЕКС» ЖЧК, «Каркас» болот тобу» ЖАК жана «Техно Тюб» ЖЧК тарабынан колдоого алынган.«Чечим Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2025-жылдын 13-ноябрында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн товарды өндүрүүчүлөрдүн арызынын негизинде, колдонуудагы чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башталган демпингге каршы кайра иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды», – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
КЭРден коррозияга туруктуу (дат баспас) болоттон жасалган ширетилген түтүктөргө, түтүкчөлөргө жана көңдөй профилдерге карата демпингге каршы алым ЕЭК Коллегиясынын 2021-жылдын 9-февралындагы № 12 Чечимине ылайык белгиленген. Чендин өлчөмү өндүрүүчүгө жараша бажы наркынын 14,62%дан 17,28%га чейинкини түзөт. Чаранын аракети кайта иликтөө жүргүзүү мезгилине узартылган.