КЭРде өндүрүлгөн ширелген түтүктөргө карата демпингге каршы алым кайта иликтөө мезгилине узартылды
20.01.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн дат баспас болоттон жасалган ширелген түтүктөргө, түтүкчөлөргө жана көңдөй профилдерге карата демпингге каршы алымды 2026-жылдын 12-ноябрына чейин кошо алганда узартты.


Колдонуудагы чаранын мөөнөтү 2026-жылдын 13-мартында бүтүшү керек болчу. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2025-жылдын 13-ноябрында демпингге каршы кайра иликтөө башталган.

"Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталышы керек", – деп билдиришти ЕЭКтин соода блогунда.

 

КЭРде өндүрүлгөн ширелген түтүктөргө карата демпингге каршы алым Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2021-жылдын 9-февралындагы № 12 Чечимине ылайык белгиленген. Алымдын өлчөмү өндүрүүчүгө жараша бажы наркынын 14,62%дан 17,28%га чейинкини түзөт.