Жаңылыктар

25.05.2022 (Обновлено: 10.06.2022 15:58)

Арман Шаккалиев: "ЕАЭБ укугу үчүн жаңы "жумшак жөнгө салуу" инструменттери иш жүзүндө өзүнүн натыйжалуулугун жана керектүүлүгүн далилдей алды"

2022-жылы Комиссия административдик санкцияларды колдонуусуз, трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуунун белгилерин жоюу зарылдыгы жөнүндө 6 эскертүү берген. Алардын жарымы суу тазалоочу жабдуулар, чай, ошондой эле эрезеге жете элек балдардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн мобилдик түзүлүштөргө тиркемелер рынокторунда толук көлөмдө ишке ашырылган.

Ошондой эле, ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн чарбакер субъекттеринин кызмат адамдарынын атаандаштыкка каршы пландаштырылган мүмкүн болгон жүрүм-туруму жөнүндө ачык билдирүүлөрүнө байланыштуу 4 эскертүү берген. Алар медициналык жана туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногуна тиешелүү болгон.

"Жумшак жөнгө салуунун" жаңы инструменттерин ишке ашыруу, атаандаштык чөйрөсүндө ЕАЭБ укугун жана Комиссиянын атаандаштык блогунун ишинде артыкчылыктуу багыттарды өркүндөтүү туурасында монополияга каршы ведомстволордун жетекчилеринин "5+1" форматындагы кеңешмесинин жүрүшүндө ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев маалымдады. Иш-чара 25-майда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында болуп өттү.

Эске салсак, 2021-жылы ЕАЭБ укугун өркүндөтүүнүн алкагында "жумшак укуктун" жаңы инструменттери – эскертүү жана сак болдуруу киргизилген. Алар трансчек аралык рыноктордун "оюнчуларынын" атаандаштыкка каршы аракеттеринин себептерин, шарттарын жана кесепеттерин жоюуга, адамдык жана убакттык коромжуларды минималдаштырууга, айып санкцияларын салбастан атаандаштыктын бирдей шарттарын калыбына келтирүүгө, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимди бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоодон сак болууга багытталган.

Өз кезегинде монополияга каршы органдардын жетекчилери кесиптештерин ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу, атаандаштыкты коргоо жана социалдык маанилүү товарларга карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырышты.

 ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү