Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өтүп жаткан "Евразия логистикалык күнү" эл аралык форумунун пленардык сессиясынын алкагында билдирди. Иш-чаранын уюштуруучулары Европа бизнес ассоциациясы (ЕБА) жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңеш (ТТКК) болушту.
Арзыбек Кожошев ЕАЭБ үч артыкчылыкка багытталганын белгиледи: товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу, транспорттук тутумдун натыйжалуулугун жана байланыштуулугун жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү. Бул максаттар эл аралык координация, инфраструктуралык долбоорлор жана тоскоолдуктарды жоюп, глобалдык логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан санариптик технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашырылууда.
Транспортту санариптештирүү, атап айтканда, электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана интеллектуалдык транспорт тутумунун концепциясын ишке ашыруу аркылуу эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатып, аны үзгүлтүксүз кылып, административдик тоскоолдуктарды азайтат. Жыйынтыгында мунун баары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет, деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Ошол эле учурда ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак – бир жол", Түндүк деңиз жолу жана Транскаспий маршруту долбоорлору менен өз ара иштешүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий аркылуу Индия океанына "Түндүк – Түштүк" коридорун өнүктүрүү тездеп жатат, ал эми Астрахань жана Актау портторун модернизациялоо жана жаңы темир жолдор жүк агымынын өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасы геосаясаттын, экономиканын жана технологиялардын чакырыктарына туш болуп, жигердүү трансформация баскычында турат. Анткен менен келечекке көз караш оптимисттик маанайда: биргелешкен демилгелердин, санариптештирүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын аркасында регион дүйнөлүк транспорт тутумунун негизги түйүнү болуп калышы мүмкүн", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.