Арызбек Кожошев: "Евразиялык транспорттук коридорлор Чоң Евразиянын жаңы транспорттук каркасын калыптандырат"

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара мамилелердин оң динамикасын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 3-июлда Чунцин шаарында (Кытай) трансъевразиялык кызматташтыкты түзүү, жаңы эл аралык кургак жер-деңиз коридорунда жеткирүүлөрдүн чынжырлары боюнча жогорку деңгээлдеги Биринчи форумда жана жүктөрдү экспедициялоо көргөзмөсүндө сүйлөгөн сөзүндө белгилеп өттү. 

ЕЭК министри жеткирүүлөрдүн чынжырларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү жана ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн перспективалары боюнча демилгелерди иштеп чыгууга басым жасоону сунуштады.

Арзыбек Кожошев транспорттук Чоң Евразияны калыптандыруу боюнча дымактуу милдеттерге жетишүү үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү, автомобиль жана темир жолдорунун, порттордун, өткөрүү пункттарынын, ички суу транспортунун инфраструктурасын жогорулатуу зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле логистикалык сервистердин ишин синхрондоштурууга, ташуу шарттарын оптималдаштырууга, бажылык, фитосанитардык жана ветеринардык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө, биргелешкен долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү керектигин белгилеп өттү.

ЕАЭБ менен КЭРдин жемиштүү өз ара аракеттенүүсү Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Темир жол менен жүк ташууларды санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планынын алкагында өнүгүүдө. Тиешелүү демилгелер ЕАЭБ өлкөлөрү менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкчылыгында ишке ашырылып жатат.

Арзыбек Кожошев уюштуруучуларга иш-чараны сапаттуу өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ал учурдагы чакырыктарды талкуулоо жана аларды жеңүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жакшы аянтча болорун белгиледи.

Форумдун аянтчасында ошондой эле "Бир алкак – Бир жол жана Чоң Евразия мейкиндиги: интеграциянын жаңы горизонттору" пленардык отуруму уюштурулуп, анда мамлекеттик уюмдардын, темир жол жана маалыматтык платформалардын, бизнес-түзүмдөрдүн жана илимий коомчулуктун, АТР жана АСЕАН өлкөлөрүнүн профилдик логистикалык компанияларынын өкүлдөрүнүн, трансъевразиялык ташуулар боюнча Координациялык кеңештин, Кытай эл аралык экспедиторлор ассоциациясынын жана AFFA мүчөлөрүнүн катышуусу менен транспорт жана логистика чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды.