Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 17-сентябрда Москвада өтүүчү Network 2025 эл аралык форумунун алкагында "ЕАЭБдин туруктуу авиациялык транспорту 2026-2035" эл аралык конференциясында билдирди.
Ошондой эле министр авиация тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү комплекстүү мамилени жана бир катар аймактык чараларды киргизүүнү, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандык авиация жаатындагы мыйзамдарын айкалыштырууну талап кылаарын белгиледи."ЕЭК бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүүгө, инфраструктуралык жана административдик тоскоолдуктарды четтетүүгө, ошондой эле логистиканын санариптик трансформациясына негизги маани берет. Комиссия ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте евразия мейкиндигинде аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүүнүн үстүндө иштеп жатат", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Иш-чара жарандык авиацияга жана анын мультимодалдык курамына басым жасоо менен туруктуу транспорттун эң актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, бизнес жана эксперттердин өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча болуп калды.
Конференция БУУнун Башкы Ассамблеясынын туруктуу транспорт боюнча 10 жылдык демилгесине арналды, ал 2026-жылдын 1-январынан башталат.