Арзыбек Кожошев жана Abu-Dhabi Ports компаниялар тобунун башкы директору "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридору боюнча ташууларды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Евразия экономикалык бирлигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү контекстинде кызматташуунун перспективалары 2-октябрда Абу-Даби шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев менен Abu-Dhabi Ports компаниялар тобунун башкы директору Мохаммед Жума Аль Шамисинин жолугушуусунда талкууланды.



Арзыбек Кожошев белгилегендей, азыркы учурда Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрү менен бирге "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридору долбоорунун катышуучу өлкөлөрү жана бардык кызыкдар тараптар менен товарларды темир жол аркылуу Түркмөнстан жана Иран аркылуу жана андан ары деңиз транспорту менен Бириккен Араб Эмираттарына жана артка багытта ташуу боюнча жигердүү диалог жүргүзүп жатышат.

ЕЭК министринин сөзү боюнча, "Түндүк – Түштүк" коридорунун пландалган өткөрүүчүлүк жөндөмдүүлүгү 2030-жылга карата 41-45 млн. тонна жүккө чейин өсө алат.

"Биздин өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана темир жол транспортунун ташуучулары "Түндүк – Түштүк" коридору боюнча Бириккен Араб Эмираттары багытында, анын ичинде "Евразиялык Агроэкспресс" долбоорунун алкагында ташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев, жана бул кызматташтык бардык кызыкдар тараптар үчүн жаңы соода жолдорун жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Мохаммед Жума Аль Шамиси региондогу өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн логистикалык фактордун актуалдуулугун баса белгилеп, "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридору боюнча жүктөрдү (товарларды) ташууну өнүктүрүүнүн алкагында кызматташтыкты арттырууга даярдыгын билдирди.

Тараптар логистика жаатында, атап айтканда деңиз порт зоналарында заманбап санариптик чечимдерди колдонууда тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Мохаммед Жума Аль Шамиси Арзыбек Кожошевдин Абу-Даби портторунун тобунун адистери маалыматтарды берүүнүн жана кагаз алып жүрүүчүдө документтерден баш тартуунун негизинде "тигишсиз" ташууларды камсыз кылуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча ЕЭКтин эксперттик тобунун ишине катышуусу жөнүндө сунушун колдоду.

Маалымат:


AD Ports Group — БАЭнин порт, өнөр жай жана логистикалык оператору, дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде ири ишканалардын кеңири портфели бар ири холдинг компаниясы. БАЭде AD Ports Group жетекчилиги алдында ондогон порттор жана терминалдар бар.