VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында "Глобалдык туруксуздук: аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тобокелдиктери жана мүмкүнчүлүктөрү" сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө тышкы чакырыктарды узак мөөнөттүү өсүш чекиттерине айландырууга мүмкүндүк берүүчү негизги интеграциялык механизмдерди белгиледи.
ЕЭК министри белгилегендей, акыркы айлар глобалдык энергетика рыногунун аялуулугун айкын көрсөттү. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу "тобокелдик үчүн үстөктүн" эсебинен мунай котировкаларынын кескин өсүшүнө бир нече жолу алып келген, ал эксперттердин баалоосу боюнча айрым мезгилдерде кризиске чейинки деңгээлдин 15–18%ына жеткен.
"Мындай үстөк тез пайда болот, бирок ошондой эле тез жоголуп кетиши мүмкүн, ал өзүнөн кийин туруктуулукту эмес, волатильностьтун кезектеги айлампасын калтырат", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.Ал эске салгандай, ушул жылдын жазында Жакынкы Чыгыштан жеткирүүлөргө көз каранды өлкөлөр ондогон миллион баррель стратегиялык резервдерин ачууга мажбур болушкан, ал эми эксперттер болуп жаткан окуяларды COVID-19 пандемиясынан, геосаясий кризистен жана 2025-жылдагы соода согуштарынан кийинки дүйнөлүк экономика үчүн сунуштун төртүнчү ири шогу деп атап жатышат. ЕЭК министринин баалоосу боюнча, Борбордук Азия аймагы бул аялуулукту өзгөчө курч сезүүдө: айкын сезондуулук кышында электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жаратат, ал эми мунай продуктыларына жана жаратылыш газына болгон негизги муктаждыктар көбүнчө тышкы жеткирүүлөрдүн эсебинен жабылат.
Арзыбек Кожошев дүйнөнүн көпчүлүк аймактык бирикмелеринен айырмаланып, Евразия экономикалык бирлиги олуттуу өздүк энергетикалык базага ээ экендигине көңүл бурду. Бирликтин беш мамлекетине жаратылыш газынын дүйнөлүк запастарынын жана казып алуунун 20%ы, көмүрдүн дүйнөлүк камдарынын 20%ы, мунайдын дүйнөлүк камдарынын 7%ы жана дүйнөлүк казып алуунун 15%ы, урандын дүйнөлүк камдарынын 21%ы жана дүйнөлүк өндүрүштүн 43%ы, электр энергиясын дүйнөлүк өндүрүүнүн 5%га жакыны туура келет, ал эми ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүндөгү отун-энергетикалык комплекстин үлүшү 30%дан ашат.
Арзыбек Кожошевдин айтымында, ЕАЭБдин электр энергия, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү дал ушул маселени чечүүгө багытталган, аларды ишке киргизүү жакынкы бир нече жылдын ичинде күтүлүүдө. Бул Бирликтин мейкиндигиндеги чарбакер бардык субъекттер үчүн энергоресурстарга басмырлоосуз, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш."Бирликке сырттан негизги энергоресурстарды импорттоо талап кылынбайт, маселе болгону бирикменин өз ичинде аларды кайра бөлүштүрүү механизмдерин канчалык натыйжалуу түзө аларыбызда гана", – деп билдирди ЕЭК министри.
ЕЭК министри туруксуздукка карата экинчи системалык жооп катары энергобалансты диверсификациялоону – салттуу жана кайра жаралуучу энергия булактарынын, анын ичинде атомдук жана гидроэнергетиканын ортосундагы экономикалык жактан негизделген катышты издөөнү, энергияны үнөмдөөнү жана энергияны топтоо тутумдарын өнүктүрүүнү атады. Бул багыттар Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан бекитилген "Евразия экономикалык жолу" декларациясында узак мөөнөттүү артыкчылык катары белгиленген.
Баяндаманын өзүнчө блогу транспорт тармагына арналды. Арзыбек Кожошев глобалдык жеткирүү чынжырларынын трансформацияланышынын жана Перс булуңунан сооданын деңизден кургактыкка кайра багытталышынын фонунда, ЕАЭБ менен Борбордук Азия географиялык абалынын жана транзиттик потенциалынын аркасында калыптанып жаткан Евразиянын транспорттук архитектурасынын борбордук элементи боло аларын белгиледи.
Ал артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлордун катарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, Транскаспий транспорттук маршрутун жана "Түндүк – Түштүк" меридионалдык коридорун өнүктүрүүнү атап, Казакстан менен Россиядагы негизги темир жол туташуу пункттары өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн чегинде иштеп жатканын баса белгиледи."Эл аралык транспорт коридорлорун талкуулоодо көпчүлүк "атаандаштык", "теңтайлашуу" деген терминдерди колдонушат. Мен, тескерисинче, "толуктоо" жана "диверсификациялоо" жөнүндө айтар элем. "Учурдагы шарттарда бизде маршруттар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы", – деди ЕЭК министри.
Бул шарттарда натыйжалуу логистика үчүн эмне талап кылынары жөнүндө айтып жатып, Арзыбек Кожошев Комиссиянын ишинин үч багытын бөлүп көрсөттү: санариптештирүүнү, тактап айтканда, эл аралык автоунаа ташууларында e-CMR электрондук жүк коштомо кагазын колдонуу боюнча пилоттук долбоорду (Россия, Беларусь жана Казакстан өз ара ташуулардын 90%га жакынын кагазсыз форматка өткөрүштү, бул процесске Кыргызстан да активдүү кошулууда); мыйзамдарды координациялоону жана шайкеш келтирүүнү – ушул жылдын май айында узундугу 14 миң километрден ашкан ЕАЭБдин негизги автожолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын бирдиктүү салмак-габариттик параметрлери жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди; жана 2024-жылдан бери иштеп жаткан өнөр жай жана агроөнөр жай кооперациясын каржылык колдоо механизмине окшоштуруп, транспорт тармагындагы артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду колдоо механизмин иштеп чыгууну.