Арзыбек Кожошев Кыргызстандын экономикалык маселелери боюнча конференцияга катышты

ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 23-октябрда Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) өткөн илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө евразиялык интеграциянын контекстинде энергетиканы жана транспортту өнүктүрүү жөнүндө айтып берди.

ЕЭК министри Кыргыз Республикасы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулган учурдан тартып Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди. Экономиканын өнүгүшүнө жана калктын бакубаттуулугуна олуттуу салым кошкон энергетикалык жана транспорттук тутумдарды түзүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Арзыбек Кожошев конференциянын катышуучуларын энергоресурстар рыногун түзүүнүн жүрүшү, Бирликтин транспорт тармагындагы кырдаал, ошондой эле ишке ашырылышы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган Кыргыз Республикасынын эң маанилүү долбоорлору менен тааныштырды.

"Кыргызстандын географиялык жайгашуусу жана жогорку энергетикалык дарамети региондун транспорттук-логистикалык гана эмес, энергетикалык тармагындагы да негизги оюнчулардын бири болууга шарт түзөт", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ал Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине конференцияны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин жана илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана каржылоо институттарынын жетекчилери катышышты.