Россия Федерациясынын транспорт министри Виталий Савельевдин чакыруусу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 14-17-ноябрда Москвада өткөн Россиянын "Транспорт жумалыгы" иш-чарасына катышты.
ЕЭК министри "Евразия транспорттук коридорлорунун трассаларында логистикалык инфраструктураны жана сервистерди өнүктүрүү" тегерек столунда баяндама менен чыгып сүйлөп, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинде транспорт тармагын өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин жана интеграциянын перспективаларын козгоду.
Чыгып сүйлөгөн сөзүндө инфраструктуралык өнүктүрүүнүн интеграциялык аспектилерине жана долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана евразиялык транспорттук коридорлордун натыйжалуу иштешине түздөн-түз таасир тийгизүүчү негизги документтердин үстүндө иштөөгө өзгөчө басым жасалды.
"Учурдагы дүйнөлүк кырдаал бизге транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана логистиканын жалпы рыногунун ролу жана баалуулугу күчөгөн транспорт тутумун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын башка бурчтан кароого мүмкүндүк берди", – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев.
Ал ошондой эле евразиялык транспорттук коридорлор жана каттамдар, Бирликтин өлкөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан транспорт чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлор, өзөгүнөн алып караганда, алар товар агымы пайда болгон пункттан сатуу рыногуна же керектөөчүгө чейин жеткирүүлөрдүн жалпы логистикалык тизмегинин бөлүкчөлөрү болуп саналаарын белгиледи.
Сөзүнүн аягында Арзыбек Кожошев "трансчек аралык жана глобалдык рыноктордо биргелешип иштөө менен гана Бирликтин алкагында транзиттик потенциалдын жана биздин өлкөлөрдүн улуттук транзиттик потенциалынын синергиясына жетишүү мүмкүн" экендигине көңүл бурду.
Маалымат
Россия Федерациясынын Транспорт жумалыгы 16 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Уюштуруучу – Россия Федерациясынын Транспорт министрлиги. Негизги окуя – Эл аралык форум жана "Россия транспорту" көргөзмөсү.
Иш-чаралардын максаты – дүйнөлүк экономикада Россиянын абалын бекемдөөгө салым кошкон, өлкөнүн жана анын аймактарынын ортосундагы байланышты камсыз кылуу үчүн чечимдерди издөө.
Иш-чаралардын аудиториясы россиялык транспортту ичинен билген жана анын келечеги үчүн жоопкерчиликти бөлүшкөн адистер болуп саналат.