Арзыбек Кожошев Дүйнөлүк IRF 2024 конгрессине катышты

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Стамбулда (Түркия Республикасы) Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк конгресс 2024тө транспорт тутумдарын туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Иш-чаранын негизги темасы мобилдүүлүктү кеңейтүү болду.

ЕЭК министри Дүйнөлүк конгресстин катышуучуларын евразия мейкиндигиндеги транспорт чөйрөсүндөгү негизги интеграциялык жетишкендиктер жөнүндө маалымдады. Ошондой эле ал транспорттук ишмердүүлүккө санариптик чечимдерди киргизүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана жол чарбасы чөйрөсүн өнүктүрүүгө дем берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Фундаменталдык өзгөрүүлөр, жаңы соода рыноктору түзүлгөн жана транспорттук коридорлор трансформацияланган шарттарда ташуулардын үзгүлтүксүздүгү жана Чоң Евразиянын туруктуу транспорттук-логистикалык алкагын түзүү өзгөчө мааниге ээ", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

ЕЭК министринин Түркия Республикасынын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун эки тараптуу жолугушуусунун алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоо улантылды.

Арзыбек Кожошев "өнөктөш мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүү компетенциялардын жогорку деңгээлин кармап турууга, тажрыйба алмашууга жана транспорт жолунда тоскоолдуктардын жана кедергилердин санын азайтуу боюнча натыйжалуу иштөөгө мүмкүндүк берет" деп эсептейт.

Тараптар тармактык диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эл аралык Жол Федерациясы (IRF) 1948-жылы түзүлгөн. Мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн автомобиль жолдорунун тармагын куруунун жана өнүктүрүүнүн улуттук программаларын иштеп чыгуу, автожол тутумдарын өнүктүрүүгө тиешелүү статистикалык, техникалык, экономикалык, окуу жана башка материалдарды чогултуу жана жайылтуу боюнча күч-аракеттерин колдоо үчүн Федерация 4 жылда бир жолу дүйнөлүк конгресстерди жана 2 жылда бир жолу — Европа, Африка, Жакынкы Чыгыш, Түндүк жана Түштүк Америка, Азия жана Тынч океан өлкөлөрү үчүн эл аралык аймактык конференцияларды өткөрөт.