Арзыбек Кожошев ЕАЭБдин жалпы энергетикалык рынокторун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

9-сентябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана Беларусь Республикасынын энергетика министри Алексей Кушнаренко менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигинин жалпы энергоресурстар рыногун түзүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча эл аралык келишимдерди макулдашуунун жүрүшүн талкуулашты.

"Келишимдердин долбоорлорун макулдашуунун аякташы тараптардын рынокторду түзүүнүн принципиалдуу маселелери боюнча консенсуска жетишине жараша болот", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Тараптар Бирликтин органдарынын отурумдарында кийин кароо үчүн сезимтал маселелерди жөнгө салуу жана алар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө боюнча диалогду улантуунун зарылдыгын баса белгилешти.

Жолугушуунун алкагында ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда энергетика чөйрөсүндө кызматташуунун жалпы багыттарынын маселелери козголду.