Арзыбек Кожошев Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

7-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин жана Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Казем Джалалинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Арзыбек Кожошев жана Казем Джалали "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү, Перс булуңунун портторуна товарларды ташуунун максималдуу үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу жолун түзүү жана Иран менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда логистикалык потенциалды ачуу маселелеринде кызматташтыкты арттыруунун актуалдуулугун баса белгилешти.

Тараптар транспорттук коридорлорду жана каттамдарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган иштер жөнүндө маалымат алмашышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмесин жактырышкан. Бул долбоорлор "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – түштүк" багыттары боюнча эл аралык транспорттук коридорлорго кирген транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин ишке ашырууга багытталган.

ЕЭК министри транспорт чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү Ирандын жана Бирлик өлкөлөрүнүн экономикасына жагымдуу таасир этээрине ишенимин билдирди.

Кызматташууну улантуу, анын ичинде Ирандын транспорт жана шаардык өнүктүрүү министри менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүү жөнүндө макулдашылды. 

Маалымат

Иран ЕАЭБ менен соода келишимдерине байланыштуу туруктуу диалогдо турган өлкөлөрдүн катарына кирет. Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашууга 2018-жылдын 17-майында кол коюлган жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.