Арзыбек Кожошев GEIDCO жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Энерготутумдарды глобалдык бириктирүү жаатында өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча уюмдун (GEIDCO) аткаруучу катчысы Чень Чжицзян менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык энергетикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, туруктуу технологияларды илгерилетүү жана глобалдык энергетикалык өзгөрүү шарттарында стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле глобалдык климаттык күн тартиби жана туруктуу энергетикалык өнүгүү, анын ичинде энергетикалык өзгөрүүнү тездетүү, энергетикалык тутумдарды санариптештирүү жана парник газдарынын чыгындыларын азайтуу сыяктуу маселелер козголду.

"GEIDCO таза жана кайра жаралуучу булактардан алынган электр энергиясына болгон глобалдык суроо-талапты канааттандырууга олуттуу салым кошуп келет. Бул аракеттер БУУнун "Бардыгы үчүн туруктуу энергетика" максатын ишке ашырууда жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө негизги ролду ойнойт", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

ЕЭК министри бул багыттагы маанилүү кадам "Евразия экономикалык жолу" декларациясына кол коюу болгонун белгиледи, анда ЕАЭБдин 2045-жылга чейинки климаттык саясат жана аз көмүртектүү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү максаттары аныкталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.