Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ өлкөлөрү КЭБди өнүктүрүүдө жана энергияны үнөмдөөдө олуттуу алдыга жылды"

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форум – 2026 алкагында Нью-Йоркто болуп өткөн "Глобалдык туруктуу өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу максатында адилеттүүлүктү жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн энергетикалык тутумдарда инновацияларды жана өтүүнү тездетүү" сессиясынын ишине катышты.

 

ЕЭК министри чет элдик кесиптештерин ЕАЭБ өлкөлөрүндө энергетика чөйрөсүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен кеңири тааныштырды. Ал ошондой эле бизнес-моделдердеги, чарбалык байланыштардагы жана энергоресурстарды жеткирүү логистикасындагы өзгөрүүлөргө байланышкан чакырыктарга евразиялык "бешилтик" мамлекеттеринин берген жооптору жөнүндө айтып берди.

"Мындай шарттарда энергобалансты диверсификациялоо ЕАЭБ үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда. Салттуу жана кайра жаралуучу энергия булактарынын ортосундагы экономикалык жактан акталган катышты издөө, казылып алынуучу булактардан көз карандылыкты төмөндөтүү жана энергетикалык тутумга атомдук энергетиканы, гидроэнергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын активдүү интеграциялоо зарыл", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Анын пикири боюнча, бул процесстерде өзгөчө роль энергияны үнөмдөөгө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга, өнөр жайдын энергия сыйымдуулугун төмөндөтүү боюнча программаларды иштеп чыгууга жана ар кандай тармактарда энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, ошондой эле энергияны топтоо тутумдарын өнүктүрүүгө берилет.

"ЕАЭБде бул багыттарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Акыркы жылдары биз КЭБди өнүктүрүүдө жана энергияны үнөмдөөдө олуттуу алдыга жылдык", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Арзыбек Кожошев ошондой эле евразиялык экономикалык интеграциянын артыкчылыктарын, анын ичинде координацияланган энергетикалык саясатты жана энергоресурстардын жалпы рынокторун калыптандырууну натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.