Жаңылыктар

09.09.2022 (Обновлено: 23.09.2022 09:32)

Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБдин жүк ташуулар чөйрөсүндөгү чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды мүчө мамлекеттердин биргелешкен күч-аракеттери менен гана жоюуга болот"

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Кайырбек Ускенбаев 8-сентябрда Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) Евразия экономикалык бирлигинин транспорт саясатын ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу Арзыбек Кожошевдин Казакстанга иш сапарынын алкагында болуп өттү.
Жолугушуунун катышуучулары чектөөлөрдү Бирликтин 2021–2023-жылдарга карата транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча жол картасынын жана Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын иш-чараларын комплекстүү аткаруу аркылуу жоюу мүмкүн экендигин белгилешти.

Арзыбек Кожошев Кайырбек Ускенбаевди Комиссиянын ушул жылдын аягына чейин ченемдик базаны иштеп чыгуу жана аны Бирликтин бардык деңгээлдеринде макулдашуу боюнча иши жөнүндө маалымады: "Комиссия Транспорт саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууда көмөк көрсөтүү, документтерди даярдоо жана транспорт ишмердиги боюнча консультацияларды өткөрүү үчүн бардык болгон ресурстарын жумшоого даяр", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер үстүбүздөгү жылда кабыл алуу пландаштырылган стратегиялык документтерди иштеп чыгууну жана макулдашууну жеке көзөмөлгө алуу жөнүндө келишишти.

Министрлер ЕАЭБ органдарынын документтерин даярдоо процесстеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунун, ошондой эле ЕАЭБдин мыйзам чыгаруу базасын иштеп чыгууда жана түзүүдө алардын сунуштамаларын эске алуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Арзыбек Кожошев казак кесиптешине анын интеграциялык күн тартибине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күндө Комиссиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдында турган, транспортту өнүктүрүү боюнча негизги маселелерди белгилеп өттү.