Жаңылыктар

16.05.2025

Арзыбек Кожошев: "Транспорт жана логистика — туруктуу евразиялык интеграциянын негизги элементтери"

Дубайда (БАЭ) өткөн 12-Глобалдык логистикалык конференциянын пленардык сессиясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев баяндама менен чыгып сүйлөп, анда Евразия экономикалык бирлигинин транспорттук-логистикалык мейкиндигин өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын белгиледи.

Министр глобалдык экономикадагы өзгөрүүлөрдүн фонунда туруктуу логистикалык чынжырлар, инфраструктуранын айкалыштуулугу жана транспорт тармагынын санариптик трансформациясы өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын баса белгиледи. Бул багыттар Бирликтин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды дүйнөлүк рынокторго интеграциялоо үчүн негиз болуп бара жатат.

"Бүгүнкү күндө инфраструктурага макулдашылган чечимдер жана инвестициялар мурдагыдан да көбүрөөк зарыл болууда. Натыйжалуу, кынтыксыз жана санариптик логистикалык каттамдарды түзүү — ЕАЭБ үчүн да, биздин өнөктөштөр үчүн да артыкчылык", — деп белгиледи министр.
Арзыбек Кожошев ошондой эле ЕЭКтин транспорт жана логистика чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштери, ошондой эле ЕАЭБдин институционалдык демилгелери: электрондук транспорттук коштомо кагаздарды (e-CMR) киргизүү, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды өнүктүрүү, евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча комплекстүү планды ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди.

"Транспорт жана логистика — заманбап дүйнөнүн өнүгүүсүнүн драйвери. Жеткирүүлөрдүн ылдамдыгы гана эмес, экономиканын туруктуулугу, азык-түлүк жана өнөр жай коопсуздугу, өлкөлөр ортосундагы ишеним алардын ишенимдүүлүгүнөн көз каранды", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Министр глобалдык логистикалык архитектураны чыңдоого багытталган өнөктөштөр менен диалогду тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.