Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Бишкекте тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн перспективаларына арналган "Глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясына катышты. Министр өз сөзүндө бул региондордогу жашоо сапатын жогорулатуунун негизги фактору катары транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы уникалдуу тоо ландшафтына жана олуттуу жаратылыш ресурстарына ээ болуу менен алгылыктуу экономикалык динамиканы көрсөтүүнү улантууда. 2024-жылы өлкөнүн экономикасы рекорддук көрсөткүчкө жетип, ал эми ИДӨ 9%га өскөн. Бирок тоолуу аймактар обочолонуу, климаттык тобокелдиктер жана ички миграция сыяктуу өзгөчө кыйынчылыктарга туш болушат, бул мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда өзгөчө мамилени талап кылат.
Инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Арзыбек Кожошев "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" жана "Балыкчы – Кочкор – Макмал" темир жолун куруу, ошондой эле алыскы аймактар менен аба каттамын күчөтүү боюнча негизги долбоорлорду бөлүп көрсөттү.
Энергетика темасына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын дараметин жигердүү өнүктүрүүнү улантуусу зарыл, бул тоолуу аймактарды туруктуу энергия менен камсыз кылууга жардам берет жана чыгындыларды кыскартууга жана мөңгүлөрдү сактоого өбөлгө түзөт.
"ЭКБны өнүктүрүү жана гидроэнергетикалык потенциалды ачуу жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондордо энергиянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле тышкы энергия менен камсыздоого көз карандылыкты азайтуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тоолуу аймактары үчүн өзгөчө маанилүү", – деп баса белгиледи министр.
Министр өз сөзүн тоолуу аймактардын дараметин ишке ашыруу жана алардын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чакыруу менен жыйынтыктады.