Жаңылыктар

29.07.2022 (Обновлено: 05.08.2022 09:56)

Арзыбек Кожошев: "Мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүүнү тез аяктоо – ЕАЭБдин приоритеттүү милдети"

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев "Белнефтехим" концернинин төрагасы Андрей Рыбаков менен мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүүнүн эл аралык келишимди даярдоону аягына чыгарууга мүмкүндүк бербей жаткан, макулдашылбаган маселелерин талкуулады. Жолугушуу 28-июлда Минскте болуп өттү.

Арзыбек Кожошев мунай боюнча эл аралык келишимдин жогорку даярдык деңгээлин белгиледи жана ЕАЭБ укугунда бекитилген, жогорку деңгээлде жетишилген келишкендиктерди ырааттуулук менен аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Негиз болуучу документтерди даярдоону жакынкы убакытта аяктоо жана жалпы рыноктордун өз убагында иштеп баштоосу үчүн конструктивдүү диалогго жана мунай чөйрөсүнүн эң сезимтал маселелери боюнча чечим издөөгө ыкылас коюу зарыл деп эсептейм", – деп ЕЭК министри баса белгиледи. 

Өз кезегинде, Андрей Рыбаков мүмкүн болгон компромисстерди иштеп чыгуу үчүн, мунайды ташуу, анын ичинде операторлордун кызматтарды көрсөтүүсү боюнча мамилелерди жөнгө салуу маселелерин Беларусь Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик бийлик органдары менен кошумча иштеп чыгууга даярдыгын билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар мамлекеттердин ички мунай керектөөлөрүн камсыз кылууга байланыштуу сезимтал маселелер август айынын башында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери тарабынан каралат деп келишишти. 

Мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыноктору жөнүндө эл аралык келишимге 2023-жылда кол коюу пландаштырылууда. ЕАЭБдин жалпы энергетика рыноктору 2025-жылы иштеп баштоого тийиш.