Жаңылыктар

11.11.2022 (Обновлено: 18.11.2022 15:10)

Арзыбек Кожошев: "Инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдалануу жана келечектүү жүк агымдарын өбөлгөлөөнүн жаңы механизмдерин түзүү маанилүү милдет болуп саналат"

Транспорттук байланыштарды масштабдуу кайра курууну жана санкциялык басым менен шартталган чектөөлөрдүн шарттарында чек аралардан үзгүлтүксүз өтүүнүн ролун ЕЭК Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңеш менен биргеликте уюштурган "Чек ара аралык ташуулардын абалы жана келечеги" тегерек столунун катышуучулары талкуулашты. Иш-чара 10-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өттү.

"Айтылган сөздөр экономикалык реалдуулукту эске алуу менен жүктөрдү жеткирүүнү уюштуруунун натыйжалуу жана туруктуу тутумун түзүүдө системалуу мамиленин маанилүүлүгүн тастыктайт", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ал эскертип өткөндөй, ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук транспорт тутумдарын дүйнөлүк транспорт тутумуна андан ары интеграциялоо жана сооданын көлөмүн жогорулатуу үчүн, Комиссия өлкөлөр менен биргеликте евразиялык транспорттук коридорлордун жана каттамдардын, анын ичинде "Чыгыш — Батыш" жана "Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорттук коридорлорунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда. Ушул жылдын август айында "бешилтик" өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жети артыкчылыктуу инфраструктуралык транспорттук долбоорлордон турган тизмекти жактырышты.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев чек ара аралык коридорлорду өнүктүрүү маселелеринде ЕЭК менен бизнестин өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин пикири боюнча, транспорттук долбоорлорду каржылоонун заманбап формалары керек. Мисалы, концессиялардын жана консорциумдарды уюштуруу аркылуу. Ошондой эле, анын пикири боюнча, өлкөлүктүн ордуна, "евразиялык юрисдикциядагы" ушул сыяктуу консорциумдарды каттоо вариантын иштеп чыгуу актуалдуу болмок. 

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян санариптик логистикалык сервистерди илгерилетүүнүн жана бирдиктүү эрежелер боюнча көрсөтүүнүн иштиктүү тутумун түзүүгө көмөктөшүүгө тийиш болгон транспорттук коридорлорду санариптештирүү маселелерин илгерилетүү боюнча маалымат берди.

Транспорттук ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңештин башкы катчысы Геннадий Бессоновдун пикири боюнча, транспорттук коридорлорду андан ары өнүктүрүүнүн ачкычы инфраструктуралык, транспорттук, логистикалык жана маалыматтык-технологиялык долбоорлорду жана демилгелерди өз ара толуктоо болуп саналат. 

Булардын бардыгы биригип, маселелерди чечүүгө, ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюуга, тышкы рынокторго чыгууга иштеши керек, деп белгиледи Арзыбек Кожошев. 

Жаңы логистикалык каттамдарды түзүү процессинде товарлардын транзитинин бирдиктүү электрондук технологияларын дароо киргизүү зарыл, деп эсептейт Россиянын Федералдык бажы кызматынын (ФБК) жетекчисинин орун басары Владимир Ивин. Ал Чоң Евразия мейкиндигинде өтмө транзиттик технологияларды уюштурууга кызыгуунун өсүп жаткандыгын белгиледи. Алсак, Россиялык бажы кызматкерлери эле ушул жылдын он айында 904 миңден ашуун электрондук транзиттик декларацияларды жол-жоболоштурушкан, - алардын 35,7%ы - темир жол менен ташууларда. Мында үзгүлтүксүз транзиттин негизи - электрондук транспорттук коштомо кагазды толтуруунун бирдиктүү стандартына өтүү жана анын форматтык-логикалык контролунун бирдиктүү талаптарын киргизүү болуп калышы мүмкүн. 

"Евразиялык Агрологистика" АКЭУ башкы директору Алевтина Кириллова долбоорду ишке ашыруунун оң динамикасын белгилеп өттү. Дирекциянын баалоолору боюнча, кытайлык тарап пандемияга байланыштуу продукцияны жеткирүүлөргө белгилеген чектөөлөргө карабастан, "Евразиялык агроэкспресс" долбоору боюнча ташуулардын жылдык көлөмү 2023-жылдын башына карата 500 миң тонна чамасындай деңгээлде болушу күтүлүүдө. 

"РЖД" ААК чет өлкөлүк долбоорлор жана эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Антон Козлов белгилеп өткөндөй, быйылкы жылы санкциялардан улам Россиянын экспорту төмөндөгөн, бирок реалдуулуктар айрым божомолдордон кыйла жакшы болгон. Алсак, Кытай менен жүгүртүү (+ 25%) көбөйүүдө, ал эми өсүү темпи боюнча лидер - Индия (+96%) болгон. 

Россиянын Транспорт министрлигинин Комплекстүү транспорт маселелери боюнча илимий борборунун директору Кирилл Тюленев дүйнөлүк кайра жүктөө портторуна үзгүлтүксүз жетүү үчүн евразиялык транспорттук коридорлордун жер участоктору менен интеграцияда линиялык кемечиликтин жаңы континенттер аралык сервистерин түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 2025-жылга карата сценарийдик моделдөөнүн алкагында Азов-Кара деңиз багытында жүктөрдүн агымынын көлөмүнүн өсүшү +40 %, "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридору үчүн +150 %, ал эми Чыгыш полигону каттамында +30% деңгээлинде бааланган. 

"Транспорттук компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон өзгөрүлмө суроо-талаптын шарттарында, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдалануу жана келечектүү жүк агымдарын өбөлгөлөөнүн жана тартуунун кошумча механизмдерин түзүү маанилүү милдет болуп саналат",- деп эсептейт Арзыбек Кожошев.

Тегерек стол ЕЭКтин, министрликтердин жана ведомстволордун, темир жол администрацияларынын, транспорттук жана логистикалык компаниялардын, ассоциациялардын жана бирикмелердин, өнүктүрүү институттарынын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин академиялык коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Талкуу "ЕАЭБ плюс" форматында болуп өттү: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкүлдөрүнөн тышкары, Өзбекстандын өкүлдөрү, КЭРдин транспорттук-логистикалык уюмдарынын жетекчилери катышышты. 

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү даярдалып, анда чыгып сүйлөөлөрдө жана талкуу учурунда айтылган ыкмалар, демилгелер жана сунуштар эске алынды.