17-июлда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана кичинекей аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер боюнча жогорку өкүлү Рабаб Фатима айым менен жолугушту.
Арзыбек Кожошев Жогорку өкүлдүн Канцеляриясы мамлекеттердин аярлуу топторунун кызыкчылыктарында жигердүү жана ырааттуу иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле БУУнун транспорттук байланыш чөйрөсүндө эл аралык күн тартибин илгерилетүү боюнча аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн туруктуу транспортту өнүктүрүү, регионалдык интеграция жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр ЕЭК бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү, инфраструктуралык жана административдик тоскоолдуктарды четтетүү, ошондой эле логистиканы санариптик трансформациялоо маселелерине негизги маани берерин белгиледи.
Жолугушуунун аягында Арзыбек Кожошев пикир алмашуу ЕЭК менен Жогорку өкүлдүн Канцеляриясынын ортосунда узак мөөнөттүү жана конструктивдүү кызматташтык үчүн негиз болуп калат деген үмүтүн билдирди.
БУУнун эң аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана кичинекей аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер боюнча Жогорку өкүлүнүн Канцеляриясы 2001-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууда уникалдуу кыйынчылыктарга туш болгон бир катар аярлуу мамлекеттерди колдоо максатында түзүлгөн.