Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Марлен Маматалиев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ энергоресурстарынын жалпы рыногун түзүү, евразия мейкиндигинде эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, ошондой эле Россия Федерациясында миграциялык мыйзамдар жаатында реформаларды жүргүзүү маселелерин талкуулашты.
Арзыбек Кожошев жалпы электр энергетика рыногун, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү, Бирликтин 2030-жылга чейинки жалпы газ рыногун өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Бирликтин алкагында энергетикалык тутумдардын туруктуулугун бекемдөөгө жана төмөн көмүртектүү өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган альтернативдүү энергия булактары жана атомдук энергетиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин кызматташуу маселелерин комплекстүү иштеп чыгуу тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Марлен Маматалиев Комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, энергетика рынокторун түзүү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу боюнча талуу маселелер Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, ЕАЭБдин мүчө бардык мамлекеттери үчүн да маанилүү болгондуктан, аларды предметтик талкуулоо мындан ары да улантыларына ишенимин билдирди.
Кыргыз Республикасындагы регионалдык жана интеграциялык мааниге ээ болгон ири транспорттук-логистикалык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле ЕЭК министри транспорт чөйрөсүндөгү программалык документтерди ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдады жана ЕАЭБ мамлекеттеринин евразиялык транспорттук коридорлорго кирген автомобиль жолдору менен жүрүүдө транспорт каражаттарынын уруксат берилген массалары, окко жүктөмдөр жана габариттери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча жол-жоболорду ыкчам аяктагандыгы үчүн спикер аркылуу Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди. Жакынкы убакта Бирликтин ички рыногундагы чектөөлөрдүн бирин – транспорт каражаттарынын салмактык жана габариттик параметрлерине коюлган талаптардын дал келбестигин четтетүүгө багытталган макулдашуунун күчүнө кириши күтүлүүдө.
Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүү жөнүндөгү "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча жол картасын энергетика жана инфраструктура чөйрөсүндө аткаруунун мындан аркы кадамдарын белгиледи.
Бул чаралардын бардыгы ЕАЭБдин алкагында экономикалык байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет жана дүйнөдөгү геосаясий турбуленттүүлүк шарттарында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.