Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады.
«Сиздин жетекчилигиңиз астында Республикада элдин бакубаттуулугун жана өлкөнүн потенциалын мындан ары жогорулатууга багытталган комплекстүү саясий жана экономикалык реформалар ишке киргизилди. Казакстан аймактагы туруктуулуктун жана прогресстин үлгүсү болуп саналат, евразиялык жана дүйнөлүк интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда», – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев куттуктоо катында.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Касым-Жомарт Токаевге бекем ден соолук, бакубаттуулук, ошондой эле Казакстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн бардык пландарынын жана демилгелеринин ишке ашышын каалады.