Жаңылыктар

17.05.2025

Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады.

"Сиз сунуш кылган реформаларды жана идеяларды ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында Казакстан дүйнөдө заманбап экономикасы бар абройлуу мамлекеттердин бирине айланды. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында анын ролу жана таасири ар дайым өсүүдө", – деп айтылат куттуктоо катында.

Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Касым-Жомарт Токаевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалады.