Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Куба Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
10.10.2025

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Мигель Диас-Канель Бермудести жана бүткүл куба элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"ЕАЭБ өлкөлөрү менен Куба Республикасынын ортосундагы кызматташтык бекем негизге жана чоң потенциалга ээ, биздин элдердин кызыкчылыгында дайыма бекемделүүдө", – деп айтылат куттуктоо катында.

ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Кубага бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.