Бакытжан Сагинтаев Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады
07.10.2025

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Россия Федерациясынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

"Сиз Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүнүн башатында турдуңуз жана анын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатасыз", – деп айтылат куттуктоо катында. - Сиздин өлкө башындагы ишмердүүлүгүңүз мындан ары да ЕАЭБ мамлекеттеринин конструктивдүү экономикалык кызматташтыгына көмөк көрсөтөт деп ишенем".

ЕЭК Коллегиясынын башчысы Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Владимир Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана россиялык элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалады.