Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 31-август — 1-сентябрь күндөрү Бишкекте «ШКУ плюс» саммитине катышты.
Мамлекеттердин лидерлери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери экономикалык өз ара аракеттенүүнүн маселелеринин кеңири спектрин карап чыгышты. Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүнүн стратегиялык векторлору аныкталды жана жаңы биргелешкен демилгелер макулдашылды.
Талкуунун негизги темасы анын 25 жылдык мааракесине карата «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге» урааны астында бирикмени модернизациялоо болду.
Саммиттин катышуучулары төлөм тутумдарын жана инвестициялык платформаларды өркүндөтүүнү, экономикада жана мамлекеттик башкарууда санариптик стандарттарды жана жаңы технологияларды киргизүүнү талкуулашты.
Борбордук Азиядагы транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө жана транспорттук өз ара байланышты жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Евразия экономикалык бирлигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрү евразиялык мейкиндиктин өзөгүн түзөт. Алардын өз ара аракеттенүүсү көп жагынан регионду андан ары өнүктүрүүнүн векторун аныктайт. ЕЭК жана ШКУ Катчылыгы тиешелүү меморандумдун алкагында өз ара аракеттенишет.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары Бишкек декларациясын кабыл алышты. Документ ШКУнун алкагында ири көп тараптуу долбоорлорду, анын ичинде заманбап санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу менен практикалык ишке ашырууга өтүүнү карайт.
ШКУга он мүчө мамлекетти — Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстанды бириктирет. Бишкектеги жолугушууга ошондой эле диалог боюнча өнөктөш мамлекеттердин жана байкоочулардын, кызыкдар өлкөлөрдүн, бир катар эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин аткаруу органдарынын башчылары чакырылды.
ЕЭК менен ШКУнун Катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2021-жылы кол коюлган.