Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 6-7-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун делегация башчыларынын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусуна катышты.
Тараптар евразиялык экономикалык күн тартибинин актуалдуу темалары боюнча пикир алмашышты.
Кыргызстандын башчысы ЕӨАК мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн карап чыгышы керектигин баса белгиледи.
Атап айтканда, жыйында сооданы, энергоресурстар рынокторун, салыкты тескөөнү жана экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүү келечеги сыяктуу маселелер талкууланат.
Мындан тышкары, бир катар маанилүү эл аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.
Жолугушууга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов катышты.