Евразия экономикалык бирлигинде бухгалтердик жана аудитордук кызмат көрсөтүүлөр рынокторунда атаандаштыкты коргоо маселелерин 19-апрелде Алматыда бизнес-диалогдун катышуучулары талкуулашты.
Иш-чаранын спикерлери Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогунун, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, бухгалтердик бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер болушту.
ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов бизнес менен жолугушуу Комиссия үчүн – өзүнүн иш боюнча көз карашы менен бөлүшүүгө жана кайтарым байланышты алууга эң сонун мүмкүнчүлүк экенин белгилеп өттү.
"Азыркы учурда биз атаандаштык эрежелерин бузууларга бөгөт коюунун катуу чараларын колдонуунун көлөмүн минималдаштырууга жана бизнеске аларды өз алдынча жоюуга мүмкүндүк берүүгө аракет кылуу менен Бирликтин укугун өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жазапулдарды колдонуусуз", - деп белгиледи Бахыт Султанов.
Ал Комиссия тарабынан "жумшак укук" деп аталган инструменттерди колдонуу менен, чек ара аралык санариптик рыноктордо, көмүр, газ, косметология, чай суусундуктары, алюминий банкалары жана башка рыноктордо ишкерлердин ортосундагы талаш-тартыштар чечилгенин айтты.
Бахыт Султанов атаандаштык аң-сезимин калыптандыруу үчүн маанилүү инструмент катары ЕАЭБ укугуна монополияга каршы комплаенсти киргизүүнү атады. Министр мындай механизмди киргизүү үчүн Бирликтин укугуна жана улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынарын белгиледи.
"Биз ISO "Уюмда монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыздоо тутуму" эл аралык стандартын киргизүү идеясын илгерилетип жатабыз. Анын долбоору иштелип чыккан, азыр ISO 309 "Уюмдарды башкаруу" техникалык комитетинде ушундай стандартты иштеп чыгууга өтүнмөнү түзүп жатабыз", – деди Бахыт Султанов.
Ошондой эле министр Комиссиянын сайтында жайгаштырылган санариптик модулдар – чек ара аралык рыноктордогу атаандаштык эрежелерин билүү жана сактоо боюнча тест, жазапулдарды эсептөө калькулятору, атаандаштык эрежелерин бузуу фактысы боюнча арыздын чек-барагы жөнүндө айтып берди. Бул инструменттер атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндө жаңы билимдерди алуу, улут үстүлүк монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бербөө үчүн өзүн-өзү көзөмөлдөө деңгээлин жогорулатуу максатында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесине жардам берүү үчүн киргизилген.
Талкуулоонун негизги темасы Комиссиянын монополияга каршы блогу тарабынан үстүбүздөгү жылы аяктаган сертификаттоо жана кесипкөй бухгалтерлерди жана аудиторлорду окутуу боюнча чек ара аралык кызмат көрсөтүүлөр рынокторундагы атаандаштыктын бузулушун иликтөө болду. Алардын натыйжалары боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөткөн Казакстандын жана Кыргызстандын бир катар чарбакер субъекттерине нысапсыз атаандаштык үчүн ЕЭК Коллегиясынын чечимдери менен жазапул салынган.
Бул кейстердин чоо-жайы жөнүндө бизнес-диалогдун катышуучуларына Комиссиянын монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевич айтып берди. Ал акыркы үч жылдагы ЕЭКтин атаандаштык блогунун монополияга каршы ишинин статистикасы менен бөлүштү. Бул мезгил аралыгында атаандаштык эрежелерин бузуу белгилери боюнча 70 арыз каралып, 28 иликтөө жүргүзүлүп, 15 иш козголгон.
Мындан тышкары, катышуучулар Бирликтин чек ара аралык рынокторунда атаандаштык эрежелерин бузуудан кантип сактануу керектиги, ошондой эле рыноктордо атаандаштыкка каршы жүрүм-турум белгилери болгон учурда улут үстүлүк монополияга каршы органга кайрылуу тартиби жөнүндө маалымдалды.