Бахыт Султанов: "ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 6,6 млн контрафакт товарлар аныкталды"
10.09.2025

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 6,6 млн контрафакт товарлар аныкталган. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 1465 мыйзам бузуу катталган. Бул маалыматтар ЕЭК Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин отурумунда сунушталган 2024-жыл үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө укук колдонуу практикасынын мониторинги жөнүндө отчетто чагылдырылган.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов белгилеп өткөндөй, көпчүлүк учурда массалык суроо-талапка ээ товарлар жасалмаланат.

"Антирейтингдин сап башында күнүмдүк керектелүүчү товарлар: кийим жана бут кийим, тиричилик техникасы, авто тетиктер, ошондой эле парфюмерия жана косметика турат. Дал ушул категориялар тартип бузуучулар үчүн кыйла аярлуу", – деп билдирди ЕЭК министри.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ алкагында интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү негизги демилгелерди талкуулашты. Интернет тармагында тартип бузууларга бөгөт коюуга макулдашылган мамилелерди иштеп чыгууга, өнөр жай менчик объектилерин текшерүү үчүн издөө сервисин түзүүгө — өзгөчө көңүл бурулду.

Бул чаралар Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча пландын бир бөлүгү болуп саналат жана бизнес жана керектөөчүлөр үчүн коопсуз жана ачык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Ошондой эле ИМ объектилеринин бирдиктүү бажы реестрин ишке киргизүү жана ЕАЭБ товарлары өндүрүлгөн жерлердин аталыштарын жана товардык белгилерди каттоо тутумун киргизүү талкууланды.

Мындан тышкары, Автордук жана чектеш укуктарды жамааттык негизде башкаруу тартиби жөнүндө макулдашууга бажы органдары менен укук ээлеринин ортосунда электрондук маалымат алмашууну уюштуруу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Курамына профилдик министрликтердин жетекчилери жана катышуучу өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрү кирген ЕЭК Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитет 2012-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги милдети – ЕАЭБ алкагында ИМди коргоо жаатында макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу.