Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ жана АСЕАН дээрлик бир миллиард адамдын кызыкчылыгын билдирет жана олуттуу экономикалык мейкиндикти түзөт"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 17-18-июнда Казань шаарында өткөн Россия – АСЕАН саммитине катышты.


Саммит дүйнөдөгү, анын ичинде евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин кароо үчүн он эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларын, ошондой эле бир катар алдыңкы эл аралык бирикмелердин башын бириктирди.

Саммиттин алкагында "аутрич"/"Орусия – АСЕАН плюс" форматындагы эртең мененки тамактанууда сөз сүйлөп жатып, Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык бирлиги жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан интеграциялык бирикмелердин катарына кирерин баса белгиледи.

"Биздин бирикмелер дээрлик бир миллиард адамдын кызыкчылыгын билдирет жана мындан аркы өсүү, технологиялык өнүгүү жана эл аралык кооперацияны кеңейтүү үчүн чоң потенциалга ээ болгон олуттуу экономикалык мейкиндикти түзөт", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, географиядагы, экономикалардын түзүмүндөгү жана өнүгүү моделдериндеги айырмачылыктарга карабастан, ЕАЭБ менен АСЕАНды жалпы милдет – бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу бириктирет.

Интеграциялык бирикмелердин стратегиялык өнүгүү күн тартиптери көп багыттар боюнча кесилишет, ал эми алардын мыкты тажрыйбалары өз ара кызыгууну жаратат.

Эки бирикме тең, алсак, санариптик жана технологиялык трансформация, энергетика жана инфраструктура, азык-түлүк менен камсыздоо, макроэкономикалык туруктуулукту колдоо чөйрөсүндө өнүгүүнү максат кылат. 

"ЕАЭБ Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен институционалдык байланыштарды мындан ары чыңдоого кызыкдар. ЕЭК менен АСЕАНдын 2026-2030-жылдарга каралган кызматташтык программасын ишке ашыруу биздин аймактардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз", – деп жыйынтыктады Бакытжан Сагинтаев. 

ЕЭК менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылы кол коюлган. Кызматташтык же өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар, ошондой эле эркин соода зонасы жөнүндө келишимдер АСЕАНдын көпчүлүк өлкөлөрү: Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Таиланд, Сингапур, Мьянма менен түзүлгөн.

2025-жылы ЕЭК менен АСЕАНдын 2026-2030-жылдарга каралган жаңы кызматташтык программасы бекитилген жана ал Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду мындан ары ишке ашыруу үчүн негиз түзгөн.