ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев жана Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) президенти Александр Шохин жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын россиялык бизнес-коомдоштук менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу багыттарын, ошондой эле учурдагы экономикалык жагдайда ишкерлердин көйгөйлөрүн талкуулашты.
"Комиссиянын бизнес-коомдоштуктун бириктирилген позициясын ыкчам алышы бизге улуттан жогорку жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алууда Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштуктарынын пикирин эске алууга мүмкүндүк берет, – деп ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев белгиледи. – Ошондуктан мындай эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү абдан маанилүү, тике диалогдун алкагында сунуштар менен бөлүшүп, ишкерлерди кызыктырган маселелерди талкуулоого болот".
Бакытжан Сагинтаев РӨИБге биргелешкен көп жылдык натыйжалуу иши үчүн ыраазылыгын билдирди, ошондой эле ишкерлер үчүн ашыкча талаптар жана чектөөлөр өлкөлөрдөн көз каранды эмес, буга байланыштуу улуттан жогорку жөнгө салуунун алкагында аларды жоюу боюнча иш Бирликтин бардык өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет деп баса белгиледи.
Маалымат
РӨИБ ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинде россиялык тараптын координатору болуп саналат, ошондой эле ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин катчылыгынын функцияларын аткарат.
ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши – Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ишкердик коомдоштуктарынын туруктуу негизде аракеттенүүчү координациялык-кеңешме органы.
ЕЭКтин жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик кеңеш – Комиссиянын компетенциясынын алкагында ишкердик ишмердикти өнүктүрүүнүн багыттары жана перспективалары, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн форумдарын уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча ЕЭКтин жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин өз ара аракеттенүүсүн жана диалогун камсыз кылуучу консультативдик орган.