Жаңылыктар

20.09.2024

Бакытжан Сагинтаев: ЕЭК Буу менен өз ара иштешүүнү кеңейтүүгө кызыкдар

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Ли Цзюньхуа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ли Цзюньхуа менен маектешүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин жана БУУнун ар тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттары боюнча маңыздуу пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, тараптар ЕАЭБ БУУнун Башкы Ассамблеясына караштуу байкоочу статусун алуу боюнча ишти активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"Биз биргелешкен ишибизди системалаштыруу үчүн бул багытта зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даярбыз", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. — Бүгүнкү сүйлөшүүлөр биздин диалогду бекемдөөгө жана байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ишенем".

ЕЭК Коллегиясынын башчысы ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө билдирип, ал түзүлгөн учурдан тартып көпчүлүк макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча позитивдүү динамиканы белгиледи.

Комиссиянын БУУнун түзүмдөрү (БУУ ЕЭК, ЭСКАТО жана ЭКЛАК), ошондой эле адистештирилген мекемелер (ФАО, ЮНИДО, ИМДУ, ЭМУ, ЮНКТАД жана башкалар) менен өз ара иштешүүсү жөнүндө айтып жатып Бакытжан Сагинтаев ЕЭК БУУнун туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Атап айтканда, ЕАЭБ жөнүндө Келишимде жана башка негиз салуучу документтерде БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) бардык 17си, ошондой эле аларга жетүү үчүн 169 негизги милдеттердин ичинен 108и камтылган.

Комиссия БУУ жана анын регионалдык комиссияларынын аянтчасында ТӨМ-2030 күн тартибин жигердүү илгерилетет, ошондой эле ЕАЭБди эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөш катары позициялоо үчүн туруктуу өнүктүрүү боюнча Саясий форумдун аянтчасын салттуу түрдө колдонот.

Өз кезегинде Ли Цзюньхуа регионалдык экономикалык интеграциянын эл аралык уюмдарынын арасында ЕАЭБдин маанилүү ролун баса белгилеп, болуп өткөн жолугушуу ЕЭК менен БУУнун кызматташтыгына жаңы импульс берет деген ишенимин билдирди.