Жаңылыктар

26.02.2024

Бакытжан Сагинтаев жана Александр Лукашенко ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүн талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-февралда Минскте Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Маектин жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы өнүгүүсү, үчүнчү өлкөлөр менен биригүүнүн экономикалык мамилелерин тереңдетүү маселелери, ошондой эле жаңы геосаясий реалдуулуктардын шарттарында мүчө мамлекеттердин иш-аракеттеринин жалпы стратегиясы жана дүйнөлүк аренада Евразия экономикалык комиссиясынын аброюн күчөтүү маселелери талкууланды. 

Бакытжан Сагинтаев Александр Лукашенкого ЕАЭБде Комиссиянын насыя боюнча пайыздык чендин бөлүгүн бюджетинин эсебинен субсидиялоону болжогон өнөр жай кооперациясын колдоонун жаңы механизми түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдады. Тараптар "3+" форматындагы көп тараптуу долбоорлордун пулун түзүү боюнча иште катышуучу-өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарын активдештирүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Тараптар азык-түлүк коопсуздугу темасына өзгөчө көңүл бурушту. Бакытжан Сагинтаев Комиссия тарабынан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциясы жана азык-түлүктөр менен камсыздалышына мониторинг жүргүзүү жана негизги айыл чарба товарлары боюнча суроо-талаптын жана сунуштун теңдемин түзүү жөнүндө айтып берди.

Маектин алкагында ошондой эле 2023-жылдын 25-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Бирликтин мамлекеттеринин башчылары тарабынан кол коюлган ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясында коюлган милдеттерди талкуулашты. Бакытжан Сагинтаев стратегиялык документти жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы мүчө мамлекеттер менен талкуулангандыгы жөнүндө билдирди.