Бакытжан Сагинтаев: "Интеграция бизнес жана жарандар үчүн алдын ала болжолдонуучу чөйрөнү калыптандырат"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 28-майда Астанада Евразия экономикалык форумунун "Тоскоолдуксуз интеграция: экономикалык байланыштарды күчөтүү үчүн бирикмелердин диалогу" панелдик сессиясына катышты.


ЕЭК Коллегиясынын башчысы азыркы реалдуулукта дүйнөлүк экономиканын туруктуулугунун негизги фактору интеграциялык бирикмелердин өз ара бирин-бири толуктоочу кызматташтыкка болгон жөндөмдүүлүгү болуп жаткандыгына басым жасады.

"Евразия экономикалык бирлиги бардык кызыкдар эл аралык жана аймактык бирикмелер менен практикалык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө даяр. Биз үчүн бул – стратегиялык артыкчылыктардын бири", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Евразия экономикалык комиссиясы КМШ, ШКУ, АСЕАН жана АӨИЧК тартып БУУга жана Латын Америкасы менен Африканын бирикмелерине чейинки өнөктөштүк түзүмдөрдүн кеңири чөйрөсү менен системалуу диалогду жолго койду.

Сессияда Форумдун негизги темасына – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жасалма интеллект технологияларын колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

"Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаев ЕАЭБдин мамлекет башчыларына жолдогон кайрылуусунда жасалма интеллектти өнүктүрүүнү экономикалык интеграцияны тереңдетүүнүн жаңы куралдарынын бири катары белгиледи, – деди Бакытжан Сагинтаев. – Форумда мүчө мамлекеттердин башчыларынын жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсү биздин санариптик трансформация жана технологиялык кооперация чөйрөсүндөгү кызматташтыгыбызга андан аркы импульс берет деп үмүт кылабыз.

Жыйынтыгында ЕЭК Коллегиясынын башчысы интеграция экономикалык диспропорцияларды теңдөөгө өбөлгө түзөрүн, тышкы өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатарын жана жөнгө салууну шайкеш келтирүү, кооперацияны өнүктүрүү жана бизнес менен жарандар үчүн алдын ала болжолдонуучу чөйрөнү калыптандыруу аркылуу узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөрүн баса белгиледи.

Скачать исходники фотографий