Бакытжан Сагинтаев: "Биздин милдет – ЕАЭБдеги бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу"

26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана перспективалар" пленардык отуруму болуп өттү.

Иш-чаранын негизги спикерлери Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары: Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев болушту.

Форумга ардактуу коноктор – Куба Республикасынын Президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес, Мьянма Бирлиги Республикасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн, Никарагуа Республикасынын Президентинин Беларусь Республикасы менен иштөө боюнча Атайын өкүлү Лауреано Ортега Мурильо катышышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев форумда Бирликтин ишинин жыйынтыктарын жана интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын сунуштады.

"Евразия экономикалык бирлиги түзүлгөндөн бери туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөтүп келет, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. — Он жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү дээрлик 18%га өскөн: 2014-жылы 1,6 трлн доллардан 2024-жылы 2,6 трлн долларга чейин. Дүйнөлүк экономикада Бирликтин үлүшү 4,2%га чейин өскөн. Өз ара товар жүгүртүү эки эсеге көбөйгөн жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 100 млрд долларга жеткен. Ошол эле учурда эсептешүүлөрдүн 93% улуттук валютада жүргүзүлүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 86%га өстү. Жумушсуздуктун деңгээли 3%га чейин кыскарды".

Интеграциялык бирикменин ишинин маанилүү жыйынтыктарынын катарында ЕЭК Коллегиясынын башчысы эмгек рыногунда либералдаштыруунун жогорку даражасына жетишүүнү, экономиканын 142 секторунда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун аракетин, соодада 100дөн ашык тоскоолдуктарды четтетүүнү, 52 техникалык регламентти кабыл алууну, азык-түлүк менен камсыздоонун 92% деңгээлине жетишүүнү атады.

Экономиканын реалдуу секторлорун өнүктүрүү үчүн өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизми ишке киргизилди.

Экономиканын бардык чөйрөлөрүндө санариптик трансформациянын жогорку темптерин эске алуу менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнүн үстүндө иштер улантылууда.

"Бул мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө кызмат кылат. Биздин милдет — бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. Бажы процедураларын санариптештирүү, мисалы, товарларды чыгаруу мөөнөтүн алты эсеге кыскартты", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Он жылдын ичинде эл аралык аренада Евразия экономикалык бирлигинин позициялары кыйла бекемделди. Муну тышкы соода товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 40%га өсүшү далилдеп турат.

"Биздин алдыбызда Бирликтин жалпы рыногун негизги товарлар жана ресурстар менен камсыздоо; транспорттук-логистикалык потенциалды жана кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү өбөлгөлөө сыяктуу багыттар боюнча өз ара иштешүүнү улантуу милдеттери турат. Биз интеграциялык кызматташтык тажрыйбасын, улуттук кызыкчылыктарды жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин фундаменталдык негиздерин эске алабыз", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.